• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мишустин Тажикстанга барды

3 Жалган куран 2023 15:38 Бишкек Govori.TV

Душанбеде Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги кабарлады.

«Тажикстан Орусиянын Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөшү, союздашы… Эки өлкөнүн президенттери макулдашкан келишимдерди аткаруу үчүн өкмөттөр соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бардык экономикалык пландарды ишке ашыруу багытында активдүү иштерди улантып жатышат», – деди Мишустин.

Орус өкмөтүнүн башчысы кол коюуга даярдалган документтердин арасында салык, бажы, саламаттык сактоо жана башка тармактарда кызматташуу тууралуу макулдашуулар бар экенин билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн маданий жана гуманитардык байланыштары да ийгиликтүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода эки өлкөнүн мамилелери ишенимдин жогорку деңгээли жана өз ара туруктуу колдоо көрсөтүүсү менен айырмаланып турарын белгиледи.

«Орусия эң башкы экономикалык өнөктөштөрүбүздүн бири бойдон калууда. Биздин соода-экономикалык мамилелерибиздин өтө чоң потенциалы бар жана орусиялык кесиптештер менен бирге өз ара тыгыз иштешүүгө даярбыз», – деди Расулзода.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Тажикстанга эки күндүк сапары менен 2-мартта барган.

Количество просмотров: 121