• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Митинг: «Өкмөт элиңе душмандык кылба» (видео)

22 Үчтүн айы 2018 14:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.01.18.Govori.TV

Өкмөт Үйүнүн алдына шаар четиндеги жаңы конуштун тургундары митингге чыгышты. Алар айыл чарба багытындагы жерлерге курулган жаңы конуштарды кайра өкмөткө алуу боюнча пунктту сөз болуп жаткан мыйзамдан алып салууну талап кылышкан. Митингчилер Сокулук, Аламүдүн районуна караштуу, Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конуштардан келишкен.

Белгилей кетсек, жердин трансформациясы боюнча мыйзам былтыр парламентте үч окууда тең өткөн. Кийин жай айларында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол коюудан баш тартып, артка кайтарган. Ал эми «Трансформация кыймылы» уюмунун өкүлдөрү мыйзамды тезирээк кабыл алууну бийликтен суранып келет. Эгер мыйзам кабыл алынса айыл чарба багытындагы жерлерге курулуп калган турак жайлар мыйзамдаштырылмак.

Видео: 24.kg

Количество просмотров: 17