• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Митингчилер мэрдин милдетин аткаруучу кылып башка адамды дайындоону талап кылышууда

10 Бирдин айы 2021 11:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Болжол менен 50 чакты адам чогулган.

Нааразы болуп чогулгандар мэрдин милдетин аткаруучу кылып башка адамды дайындоону талап кылып жатышат. Митингчилер талапкер «Мекенчил» партиясынын өкүлү болсун деген талабын айтышты.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечимин бир күндөн кийин жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындады.

Өкмөттүн расмий сайтындагы 10-февралдагы маалыматка караганда, Мариповдун чечими менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу 9-февралдагы чечим жокко чыгарылды.

Коомчулукта Нургазиевдин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп келгенине нааразычылык айтылып жаткан. Буга Интернетте “Нургазиев аялга кол көтөргөн” деген видео тараганы себеп болгон. 

Количество просмотров: 162