Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын ата-энелери борбор калаанын мэринин кеңешчиси Асхат Осмоновдун соцтармактагы билдирүүсунө нааразы болушууда.
Бүгүн ал фейсбук баракчасына ата-энелердин митингинен сүрөт жарыялап, “шаардык мэрияда иш күндөр. Митингчилерге караганда журналисттердин саны көп болгондо”, — деп жазып койгон.
Бул билдирүүгө нааразы пикирлерин айткандар көбөйүп, аны кемсинтүү катары кабыл алгандар болууда.
Эске салсак, бүгүн Бишкек мэриясынын алдына бир топ ата-энелер чогулуп мамлекеттик мектеп жана бала-бакчалардын салттуу режимге өтүүсүн талап кылып, нааразычылык акциясын уюштурушкан.
Аларга жолугууга чыккан вице-мэр Айжан Чыныбаева мектептерди ачууга эпидемиологиялык абал жол бербей жатканын айткан.