• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Митингде кармалгандар коё берилди

13 Теке 2020 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек милициясы бүгүн 13-июлда Ак үйдүн жанында акция өткөрүү үчүн чогулгандардын арасынан сегизи кармалып, кайра коё берилгенин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, “25-30дай адам тыюуга карабастан аянттын ар кайсы жерлерине чогулган”.

Милиция билдиргендей, санитрадык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушуна жол бербөө жана “Тынч митингдер жөнүндө” мыйзамга ылайык алардын арасынан эң активдүү деген сегизи түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалып, Биринчи май райондук милициясына жеткирилген. Баары тең Бишкек шаарынын тургундары экени аныкталды.

Ички иштер башкармалыгы Ала-Тоо аянтында бир сааттык тынч митинг өткөрүү тууралуу кайрылуу мэрияга жана милицияга 11-июлда келип түшкөнүн, бирок Жарандык коргонуу комиссиясынын буйругуна ылайык шаарда эпидемиологиялык абалга байланыштуу спорттук, оюн-зоок жана башка иш-чараларды өткөрүүгө 12-майдан бери тыюу салынгандыктан акцияны башка күнгө которо туруу керектиги айтылганын билдирди.

13-июлда Жогорку Кеңештин жана президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын (Ак үй) жанында чогулгандардын айрымдарын милиция кармап кеткен. Өзүн Кудайберген уулу Тилекмат деп тааныштырган адам «Жарандык активисттер альянсы» деген кыймыл бүгүн ошол жерде «Шайлоого жол жок!» акциясын уюштурмагын, бирок алардын лидерин «транспаранттары жана микрофону менен кошо кармап кетишкенин» журналисттерге айтып берген:

«Бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Болгону, «Бийликти күч менен алууга аракет жасоо» беренеси менен иш козгоп коюшканы маалым болду. Эл согуштагыдай өлүп жатат. Биз шайлоо болбосун деген жокпуз, мөөнөтүн жылдыралы, шайлоого деген 700 миллионду элди аман алып калууга жумшайлы деп гана айтып жатабыз».

Буга чейин бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер эпидемиологиялык абалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышкан.

Количество просмотров: 93