• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Митингде провокаторлор менен митингчилердин ортосунда кагылышуу орун алды

8 Чын куран 2021 14:20 Бишкек Govori.TV

Өкмөт үйүнүн алдындагы зомбулукка каршы митингде провокаторлор менен митингчилердин ортосунда кагылышуу болду.

Үн күчөткүчү бар бир аял митингчилер ЛГБТ адамдарын колдоп келишти деп айта баштады. «Бул жерден кет, ЛГБТнын кишилери чогулуп калды» деп кыйкырды.

Ага жооп кайтарган акциянын катышуучулары бул жерден кетип калуусун айтышты. Арачага түшкөн милиция кызматкерлери көпчүлүктөн чыгарып кетишти.

Бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында уурдалган кыздын өлүмүнө байланыштуу митинг өттү.

27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде эртең менен Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдалган. Жигиттер аны кызыл түстөгү «Хонда Цивик» унаасына салып кетишкен.

Эки күндөн кийин анын жана аны уурдап кеткен Замирбек Теңизбаевдин сөөгү ошол унаадан, Бишкектин түштүк тарабындагы Чоң-Таш жана Арашан айылдарынын ортосундагы талаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Замирбек кызды футболка менен муунтуп, андан соң өзүн-өзү өлтүргөн. Алардын сөөгүн эки күндөн кийин жергиликтүү койчу тапкан.

Количество просмотров: 930