• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Митингде жаракат алгандардын абалы айтылды

8 Тогуздун айы 202012:07 Бишкек Govori.TV

Митингде жаракат алгандар Улуттук госпиталь жана Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министр Бишкектеги башалмандыктан жабыркагандардын абалы менен таанышып келгенин айтты.

«Жалпы жабыркагандардын саны 1 миң 2 кишини түзөт. Алардын ичинен 204 киши ооруканада жатат, 34ү айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү 1 жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аларга тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп,дары-дармек менен камсыздалды», — деди Абдикаримов.

Количество просмотров: 1324