• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Митингде Жээнбековдун тарапташы менен белгисиз адам уруша кетти (видео)

31 Бугу 202123:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы үкаралууда.

Ал эми соттун имаратынын алдына аты аталган депутаттардын тарапташтары чогулуп, акыйкаттыкты талап кылышууда. Алардын колдоруна “Эл уулдарына эркиндик!”, ” Боштондук! ” деген жазууларды кармап турушканын көрүүгө болот.

Ал арада Жээнбековдун тарапташтарынын жана белгисиз бир адамдын ортосунда айтышуу орун алды. Натыйжада чогулгандар белгисиз жаранды кет деп кууп, топтон сүрүп чыгып салышты.

Ал эми чагымчылдыкка айыпталган белгисиз жаран өзүн жарандык активист катары тааныштырды.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКдагы сурактан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнебков 48 саатка камакка алынганы кабарланган.

Маалыматка караганда, депутат Төрөбай Зулпукаров дагы кармалган. Ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган.

Количество просмотров: 186