• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Митингден кийин Искендер Матраимов үн катты…

18 Бештин айы 2019 17:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Бишкекте өткөн митингден кийин фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

«Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишене турган деӊгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты», — деп жазган Матраимов.

Мындан сырткары, ал «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгын күтпөй эле саясий кызыкчылыгы бар топтор акцияларды уюштуруп, Райымбек Матраимовдун сүрөтүн ар кандай кылып жасап шылдыңдап, чагымчыл пикирлерди жайылтып жатканын кошумчалады. Матраимовдорго айтылып жаткан сын-дооматтар чындыкка дал келбесин далилдеп беришерин айткан.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 18-декабрда «REакция 2.0» аталышындагы нааразылык акциясы өтүп, «Сөз эркиндиги!», «Азаттыкка» азаттык!», «Райым камалсын!», деген ураандарды айтышкан эле.

Количество просмотров: 1717