Биринчи Май райондук соту Бишкек шаарынын бир катар борбордук аймактарында нааразылык акцияларды уюштурууга үч айлык мөөнөткө чектөө киргизген чечимин узартты.
Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, 1-апрелден 20-июнга чейин Ала-Тоо аянтында, Ак үй, Өкмөт үйү жана Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында, Биринчи Май райондук сотунун жанында расмий маданий-массалык иш-чаралардан башка саясий акцияларды, жыйындарды өткөрүүгө уруксат берилбейт.
Бул чектөө 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат.
Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.