• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташкентте кафеге атайылап өрт койгон эки тургун өмүр бою эркинен ажыратылды

22 Бештин айы 2021 16:16 Бишкек Govori.TV

Ташкенттеги «Шовотландия» кафесине атайылап өрт койгону үчүн 36 жана 26 жаштагы эки тургун өмүр бою эркинен ажыратылды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, бул иш Ташкенттин Алмазар райондук сотунда каралып, өкүм 21-декабрда окулду. Ал 20 күндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

Иштин материалдарына ылайык, өрттөн кафенин 644,8 миллион сумдук имараты жана 420,4 миллион сумга бааланган ашкана жабдуулары толугу менен күйүп кеткен.

Өрттөн кафенин ичинде уктап жаткан 60 жаштагы аял, 23 жаштагы эки эркек жана 22 жаштагы кыз каза болгон.

Ташкенттин Чиланзар районунда жайгашкан «Шовотландия» кафесиндеги өрт быйыл 27-февралга караган түнү чыккан. Имаратка атайылап өрт койгон тургундар ошол эле күнү колго түшкөн.

Кийинчерээк 26 жаштагы киши кафенин ээси менен уруша кетип, 36 жаштагы шеригинин буйругу менен кафеге атайылап өрт койгону белгилүү болгон.

Количество просмотров: 109