• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Руслан Акматбек: «Азаттыктын» жабылышы башка эркин медиаларга коңгуроо

27 Чын куран 2023 18:47 Бишкек Govori.TV

«Азаттыктын» жабылышы башка эркин медиаларга коңгуроо. Мындай пикирин медиа эксперт Руслан Акматбек билдирди.

«Азаттык боюнча соттун бүгүнкү чечими ЖМКларга, сөз эркиндигине болгон биринчи көрүнүш эмес. Бул эки жылдан бери келе жаткан аракеттердин жыйындысы. Түрдүү кысым, чектөөлөрдүн бүгүн апогейи болду. Менин оюмча бүгүн бийлик демократиядан, сөз эркиндигинен баш тартты. «Азаттыктын» жабылышы башка эркин медиаларга коңгуроо. Мындан ары көз карандысыз медиалар бийликти сындай турган маселелерди же иликтөөлөрдү жасабай калышы мүмкүн»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкектин Ленин райондук соту Маданият министрлигинин «Азаттыкка» каршы доо арызын канааттандырып, басылманын ЖМК катары ишмердигин токтотуу чечимин чыгарды.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган.

Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Количество просмотров: 82