• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Митингге чогулгандарга БШК төрайымы Шайлдабекова чыкты

29 Жетинин айы 2021 15:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанына Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына макул эмес партиялардын мүчөлөрү чогулган. Алардын алдына БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БШКнын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Искендер Гайпкулов чыкты.

Сөз алган Шайлдабекова: «Расмий сайтка чыккан табилицасынын катасы үчүн кечирим сурайм. Автоматтык эсептөө системасы так иштейт. Мен буга кепилдик берем. Бул алдын ала маалымат болуп эсептелет. Юридикалык мааниге ээ эмес деген мыйзамда норма бар. Бардык шайлоонун натыйжалары кол менен санооонун жыйынтыгы менен чыгат. Протоколдор чогултулуп жатат. Мыйзам бузуу болсо арыздарды берүүгө чакырам», — деди.

Чогулгандардын арасында «Азаттык», «Ата-Мекен», «Кыргызстандын Жашылдар партиясы», «Социал-демократтар», «Улутар биримдиги», «Уулу Журт» партияларынын өкүлдөрү бар.

Чогулгандардын айрымдары кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Алардын пикиринде, шайлоо мыйзамдары бузулган.

Количество просмотров: 1588