• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Митингге чогулгандарга өкмөт башчы Марипов өзү чыкты

8 Чын куран 2021 13:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелде өкмөт үйүнүн имаратынын алдында өтүп жаткан «Зордук-зомбулукка каршы» аталышындагы жарандык митингдин катышуучуларына премьер-министр Улукбек Марипов чыгып жолукту.

Акциянын катышучулары өкмөт башчыдан Ички иштер министринин отставкасын талап кылышууда. Марипов 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу баардык жагдайлар иликтенип жатканын жана көзөмөлдө экенин айтты.

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Бишкектен уурдалып, муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө кайдыгер карабай митинге чыккан жарандар Өкмөт үйүнүн алдында нааразы пикирлерин айтышууда.

Количество просмотров: 497