• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Митингге чыккан медиктер. Өкмөттүн жообу

17 Чын куран 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,17-апрелде Бишкекте өткөн митингге байланыштуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде кеңири жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Новиков медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгилеген.

«17-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медицина кызматкерлеринин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз», — деген Новиков.

Эске салсак,16-апрелде ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алган.

Теги:
Количество просмотров: 224