• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Митингге чыккандар Шайлдабекованын отставкасын талап кылышты

24 Жетинин айы 2021 12:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат.

Тынчтык митингге камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташтары чыгышкан. Алар колдоруна «Таза шайлоо жок», «Шайлдабекова кетсин» деген жазууларды кармап турушту.

Акциянын катышуучусу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, шайлоо жараянында талапкерлерге тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй жатат.

«Президент Садыр Жапаров «Парламенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол коюп, шайлоону өткөрүү боюнча тийиштүү талаптарды койду. Анда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү БШК жана бардык укук коргоо органдарына шайлоонун мыйзамдарына көзөмөл жүргүзүү тапшырылган. Бирок талапкерлерге тең укуктар менен мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй жатпайбы»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт, 27-октябрда талапкер болуп катталган Жээнбеков бирок үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотулган эмес.

Количество просмотров: 442