Кассалык аппараттарды орнотууга каршы митингдин катышуучулары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго арыздарын, суроолорун жана талаптарын айтышууда.
Митингге чогулгандар кассалык аппараттарды жана эсеп-фактураларды милдеттүү орнотууну жокко чыгарууну талап кылышууда.
«Мен өзүм чач тарачмын. Эмне үчүн менде KKM орнотулган? Мына ушул суроого жооп бериңизчи. Эмне үчүн? Мага кассалык аппараттын эмне кереги бар», — деп кайрылды Кара-Балта шаарынын тургуну Министрлер кабинетинин төрагасына.
Ушул сыңары пикирлери менен Акылбек Жапаровго бир катар соодагерлдер өз көйгөйлөрүн айтышууда.