«Жээнбеков президент болоор алдында «үй-бүлөм ишиме аралашпайт»,- деп айткан. Биз ошондо «Асылбек Жээнбеков депутаттыктан кетиши керек, үй-бүлөлүк башкаруу болуп калат, жаман сөздөр ээрчийт» деп айтканбыз. Ошондо президент эмне деди? «Жок, менин туугандарым акылдуу болсо, эмне кылайын»,- деди. Бакиев да ошону айткан. Эми жээндери келип жатат. Жээндерин айтсак, «айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» дегендей болуп жатат.
Азыр кайра Бакиевдин заманы келди, үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болуп, эми криминалдык режимге карай кетип жатабыз. Ар бир президент Алмазбек Атамбаевден үлгү алышы керек, анткени анын бир да тууганы, жээндери кызматка келген жок. Мунун баарын Сооронбай Жээнбеков эске алышы керек болчу. Бир үй-бүлөдөн бирөө же экөө гений болуп чыгышы мүмкүн, бирок кудасы, жээни, таяке-жээни, күйөө балдарынын баары тең гений болушу мүмкүн эмес да. Тарыхта да жок нерсе болуп жатат. Бул өтө өкүнүчтүү, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Ошондуктан президент өзү чечим кабыл алышы керек, туугандары элди ойлошу зарыл. Президентте эрк болушу керек, бирок Сооронбай Жээнбековдо эркти көрө албай жатабыз. Бул баягы эле Бакиевдин «туугандарым ишеничтүү» деген системи менен келе жатат. Башка ишеничтүү эч кимиси калбай калды», — деди Мискенбаев.