• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мобилизация башталгандан бери Орусиядан 700 миң киши чыгып кетти

5 Тогуздун айы 2022 17:25 Бишкек Govori.TV

Владимир Путин аскердик мобилизация жарыялагандан кийинки эки жума аралыгында Орусиядан 700 миңдей киши чыгып кетти. Бул тууралуу Forbes журналы Орусия президентинин администрациясындагы өз булагына таянуу менен билдирди.

Кремлдеги маалыматтар менен тааныш булак мобилизация башталгандан бери өлкөдөн 1 млн киши чыгып кеткенин кабарлаган. Бирок администрациядагы башка бир булак кеп 600-700 миң орусиялык жөнүндө болуп жатканын айткан. Ошол эле маалда алардын канчасы туризм максатында чыкканын аныктоо кыйын экенин белгилеген.

Буга чейин Казакстандын ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө 200 миңдей орусиялык киргенин, алардын 147 миңи Казакстандан чыгып кетүүгө үлгүргөнүн маалымдаган.

Количество просмотров: 120