Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.
Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусуна кулаган унаанын 2 жүргүнчүсү табыла элек. Учурда эне-баланы издөө иштери улантылып жатат.
Акыркы сапарга жээн небереси менен бирге узатылган Молдакун Абдылдаевдин (өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси) кызы Индира издөө иштерине көп күч жана дрон сыяктуу техникалар зарыл болуп жатканын айтып, элден жардам сурады.

«Ыктыярчылар, дрон жана аны колдоно алган адамдардын жардамы керек. Апам менен инимди табууга жардам бериңиздер», — деп жазды Индира.
30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.
