Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.
Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча илимий практикалык конференция өтүүдө. Талкууга коомдук-саясий күчтөрүнүн мүчөлөрү жана бир катар мурунку жогорку кызматты аркалаган инсандар катышууда.
Жаштардын атынан талкууга катышкан Бактыбек Молдалиев илимий-практикалык конференцияда талкууланып жаткан Конституцияны жаңылоо сунушун сындады.
«Мындай сунуштар менен «тулпарга эшектин ээрин токуп алып, жоорутуп атасыңар»,-деди Молдалиев.
Анын айтымында башаламан сунуштар айтыла берип, кайсы бирин түшүнүүгө үлгүрбөй калууда.
Эскерте кетсек, конференцияда 7 суроо каралды, алар:
1. Кыргыз республикасынын конституциясынын жаңыланышын колдойсуңбу?
2. Мамлекеттик башкаруунун кайсы формасын (түрүн) колдойсуң?
3.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары кандай шайлоо системасын колдойсуң?
4.Кыргызстандын эли тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын аткарган ар жылдык иштери Элдик Курултайларда (Элдик бийлик) каралышын жана саясий-коомдук баа берилишин каалайсыңбы?
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын: Мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын тийиштүү жергиликтүү администрациялык-аймактык бирдиктерин (шаарлар, айыл аймактары) эли тарабынан түздөн-түз шайланышын колдойсуңбу?
6. Облустар жоюлуп, райондор менен айыл-аймактары ириленишин колдойсуңбу?
7. Кыргыз Республикасында расмий тил институтунун жоюлушун колдойсуңбу?