• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Молдалиева: «Кыйын» региондордогу айымдарга көпүрө болду

5 Аяк оона 2022 9:32 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрүп жатат. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген. Алардын бири 28 жаштагы Мээрим Молдалиева.

Молдалиева Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылдык кеңешинин төрайымы.

«2021-жылдан депутат болуп келгенден бери бир топ эле демилгелерди көтөрүп чыктык. Негизинен эле жергиликтүү кеңештерде депутат айымдардын көп болгону жакшы. Себеби социалдык маселерди айымдар жакшы билет жана көтөрүп чыга алат. Мисалы, айылыбыздагы үй-бүлөлүк борбор көп жылдан оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен капиталдык ремонт иштерин жүргүзүп жатабыз. Балдарга аянтча куруп бердик. Бир ишкананын мыйзамсыз аракеттерин токтоттук»,-деди Молдалиева.

Ошондой эле Мээрим айым 3 күндүк окутуу иш-чарадан көп нерсе үйрөнгөнүн белгилеп, «Кыйын» долбоору региондордогу айымдарга көпүрө болгонун кошумчалады.

Количество просмотров: 159