• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Башаламандык уюштурууга айыпталган 6 аял тууралуу эмне белгилүү?

21 Жетинин айы 2022 17:29 Бишкек Govori.TV

Массалык тополоң уюштуруп бийликти күч менен кулатууга камынган деген айыптоо менен кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активисттердин арасында 6 аял бар. Алардын эң улуусу 71 жашта болсо күчүүсү 28 жашта. Алар өлкөнүн келечегине кайдыгер карабай, өз позицияларын так билдирип келет.

Асия Сасыкбаева

1951-жылы 18-декабрда Нарын областынын Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2010-жылдын октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары. Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

Гүлнара Журабаева

1959-жылдын 9-февралында туулган, жогорку билимдүү. 2011–2021 — жылдар аралыгында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү, 2021 —жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болгон.

Рита Карасартова

1975-жылы 25-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Григорьевка айылында туулган. Билими жогорку. Укук коргоочу жана жарандык активист.

Клара Сооронкулова

1969-жылы 18-мартта Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, юридикалык илимдердин кандидаты илимий даражасы бар. 2010-жылдын 30-апрелинен бери Кыргыз Республикасынын Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү. 2010-2011-жылдары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган. 2015-жылы судьялык кызматтан алынган. 2020-жылы “Реформа” саясий партиясынын лидери болуп, ушул эле партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ошол эле жылдын 11 ноябрда Клара Сооронкулова президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн.

Перизат Суранова

1978-жылы 21-октябрда Ош облусунда туулган. Жогорку билимдүү. 2007-2020-жылдары «Замандаш» партиясынын мүчөсү, 2011-2020-жылдары партиянын саясий кеңешинин мүчөсү. 2021-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болгон.

Орозайым Нарматова

1994-жылы 19-февралда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кара-Дыйкан айылында туулган. 2020 — жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. 2022 -жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, ошол эле жылдын январь айында БШК мандатынан ажыраткан.

Коомчулукта аялдардын камалышы сынга алынып, соңку кездерде аял затына болгон болгон мамиле маңдай жылытпай калганы айтылууда.

Жогорку Кеңештин 20 чакты депутаты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотууну өтүнүштү. Кайрылууда аялдар Кыргызстандын маданиятында тарыхый роль ойной турганы белгиленип, камактагы активисттер өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкону айтылган.

«Сизден жеке катышууңуз менен гумандуулукту көрсөтүп, тиешелүү жетекчилерден мурда кабыл алынган чечимдерди кайра карап чыгууну жана башка адамдардын арасында камакка алынган аялдардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранабыз», — деп жазгылган кайрылууда.

Бир катар эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун кайрылууларына карабай, кармалган айымдар дагы эле камакта. Ал эми өлкө башчы Садыр Жапаров мыйзам аял менен эркекке бирдей деген жооп менен чектелди. Шаардык сот болсо Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды эки айга камоо чечимин күчүндө калтырды.

Количество просмотров: 1233