“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Ага өлкөнүн 7 облусунан келген 17 айым катышты. Алардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Окутуучу иш-чарадан кийин аймактардан келген айымдар эмоциялары менен бөлүштү.