• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Молдокасымов: Элдин мөмө-жемиштерин сыртка экспорттоого аракет кылган бийлик болбой жатат

4 августа 2022 в 12:04 Бишкек Govori.TV

Элдин мөмө-жемиштерин сыртка экспорттоого аракет кылган бизде бийлик болбой жатат. Бул тууралуу коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов «Майдан» дебатында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагында эмгек кылган дыйкан, багбандарга мамлекет тыгыз көмөк көрсөтүп, колдоп туруусу керек.

«Дыйкандардын бир жыл күткөнү ушул түшүм. Анан түшүм мезгилинде сыртка экспортко чыкпаса, анын баасы өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кетет дагы эл күткөндөй пайда таба албай калат. Бул бир эле өрүктөн эмес, баардык эле мөмө-жемиштердин көбү ушундай. Мисалы өткөн жылы кокон гилас Кыргызстанда аябай көп болуп, өзүнүн баасы 200 сом болсо түштүктүн көп жерлеринде 50-60, 40 сомго чейин түшүп кетти, өрүктөн да төмөн түштү. Ошол эле мезгилде кошуна Кытай мамлекетинде 1 килограмм гиластын баасы 1300 сомго чейин болгон. Ошол жылы кайсы түшүм жакшы болуп жатат, алдын ала бийлик тарабынан прогноз жасалуусу керек», — дейт ал.

Количество просмотров: 297

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда