• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Explainer: Эмне үчүн өлкөдө бийликтин бир нече бутагы болушу керек?

24 Тогуздун айы 202518:32 Бишкек Govori.TV

Өлкөгө депутаттар керекпи? Же Жогорку Кеңешсиз, болгону президент гана болсо болобу?

 «Башта» студиясындагы кесиптештер көчөдөн  сурамжылоо өткөрүшкөн. Анда бир аял: «Президент эле керек го дейм» —деп жооп берди.

Балким бул пикирди карманган жалгыз эле ал эмес..?

Ойлонуп көрсөк… чындыгында биз телевизордон жана башка маалымат каражаттарынан көбүнчө президентти жана УКМКнын башчысын гана «чыныгы иштер» менен алек болуп жатканын  көрөбүз. А депутаттар сындалганы сындалган.

Муну түшүнсөк болот: президенттин артында чоң PR-команда жана аны колдогон топтор бар — биздин кесиптештер буга чейин ушундай аракеттерди иликтеп чыккан. Ошондой эле мамлекеттик Медиа каражаттары да президенттин имиджине кызмат кылат, аларга бюджеттен миллиондор бөлүнөт.

Депутаттар болсо негизинен сын гана угушат. Бирок алар президенттен кем эмес маанилүү.

Алар башкаруу системасында балансты камсыз кылат. Башкача айтканда, бир адамдын өз билемдиги менен чечим кабыл алуусуна жол бербейт.

Парламенттин  функцияларынын бири  — аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөө. Министрликтер жана мекемелер депутаттарга отчет берип турушат.

Жогорку Кеңеш — бул элди бийликтин мыйзамсыз аракеттеринен коргоого милдеттүү орган. Биз аларды өз кызыкчылыгыбызды коргоп берсин деп шайлайбыз.

Эң негизгиси Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кээ бир жагынан чектелген болсо да, Конституция боюнча аларда чоң ыйгарым укуктар бар.  Алар биздин жашообузду түп-тамырынан өзгөртө алат.

Ошондуктан кимге добуш берериңди, кимге өлкөнүн алдыдагы 5 жылдык  келечегин тапшырып жатканыңды жакшы ойлон.

Жоопкерчилик менен танда. Критикалык ой жүгүртүүнү кош.

Ойлон!

Количество просмотров: 831