Интернетти чектөө тууралуу мыйзам бийликтин куралы катары иштейт. Мындай пикирин бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору иштебейт.
«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзам ошол кездеги президенттин каршы пикири менен кайра иштеп чыгуу үчүн артка жөнөтүлгөн. Мыйзам боюнча, 10 күндүн ичинде кайра иштелип даярдалышы керек болчу. 10 айдан кийин аталган мыйзам долбоорун киргизип жатабыз. Азыр өлгөн мыйзам долбооруна добуш бергени жатабыз. Бул мыйзам бийликтин куралы болуп иштейт. Буту-колу жок мыйзамды кабыл алгыла деп жатасыңар», — деди депутат.