• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Момбеков: «Элдин башы эмес, биздин башыбыз деле айланып калды»

19 Аяк оона 2018 17:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Бүгүн прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев,Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Идирис Кадыркулов Белизден келген документтер боюнча ЖКга маалымат берип,жыйын курду. Маалымат жыйынында депутаттар сүйлөшүп,суроолорду беришти.
Жыйындын жыйынтыкталышына жакын ЖК депутаты Рыскелди Момбековго сөз берилди. Депутат, “Бизге дагы сөз жетет экен. Мен сизди унутуп калды деп ойлодум эле” – деп сөзүн баштады. Идирис Кадыркуловго депутат “Кат барбы же жокпу?” — деп суроо салды.
Бул суроого Идирис Анарбаевич, Дюшембиев менен кеңешип, “Белизге кеткен каттар бар, бирок, жооп жок” — деп жооп берди. Бул жооптон улам Момбеков: “Элдин башы эмес, биздин деле башыбыз айланып калды. Биз бүгүн бекер эле чакырдык буларды. Эч кандай маалымат ала албайбыз! Ачылбайт бул иш! Жөн эле өзүбүз эл алдына чыгып шоу кылып жатабыз” –деди.
Ал мындан сырткары Мегакомго кызыккандар боюнча кеп учугун улады. Компанияга көпчүлүк ал жерде 60 млн акча бар болгондугунан улам кызыкканын айтып өттү. “Уйдун ичинде эки музоосу бар болчу. Биз Мегакомду сатаарда аны кысыр уй деп саттык. Ал музоолорду аборт жасатып, алдырып салдык. Азыр эч ким унчукпай калды. А бирок, кызыкчылыктар болгон. 60 млн долларды алганга өкмөт башчыларынын баарынын көздөрү кызарып өлгөн. Аны эмгене айтпайбыз! Буларды чакыргандан баарыбир майнап чыкпайт! Кимге иш козгойсуң!?” – деп күйпөлөктөдү эл өкүлү.
Количество просмотров: 40