• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Момбеков кесиптешин «кошомат кылганды токтотуңуз» деп зекиди

17 Кулжа 2020 11:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги жана жаңы өкмөттүн курамы каралып жатат. Депутаттар талапкерлерге суроо берип, жооп алууда.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев сөз сүйлөөгө чыгып, түшкү тыныгууга чейин талкууну токтотуп, өкмөттү бекитип, ишин кылууга кетирүүнү айтты.

«Бир нече кесиптештерим суранып жатат, айтыңызчы деп. Коронавирус боюнча абал күчөп жатат. Эртерээк талкуу кылып, түшкө чейин бүтүрүп өкмөттү иштегенге кетирели», — деди ал.

Бирок, Жолдошбаевдин мындай сунушу кесиптеши Момбековго жаккан жок.

«Сиз дайыма эле ушинте бересиз, сизден ким суранып жатат, аты жөнүн айтып коюңузчу? Кышында да уят кылдыңыз эле балдар үшүп жатат деп, эми эмне ысып жатышабы. Өкмөткө кошомат кылганды токтотуңуз, кошомат кылып жүрүп Абылгазиевди кетирдиңер го. Токтотуңуз, картайганда калыс сөзүңүздү айтпай, алыс сөзүңүздү айтып», — деди Момбеков.

Количество просмотров: 1273