«Коопсуз шаар» долбору эмнеге ишке ашпай калган деп биринчи жок дегенде сурап койбойсуңарбы. Кайсы вице-премьер кимден эмне сураганын генерал Зарылбек Рысалиевден сурасаңар, айтып берет. Англичандар 10 миллион долларга ишке беребиз дегенин Иса Шейшенкуловичтен сурагыла. «Кыргызтелекомдун» мурдагы башчысы Нурдин Мадеминовдон «эмне үчүн сен «Коопсуз шаарды» Жогорку Кеңеште 10 миллион долларга «Кыргызтелекомдун» базасында ишке ашырам дедиң» деп сурагыла», — деди Момбеков.
«Бүгүнкү күндөгү өкмөт жолдоп, кээ бир менин кесиптештерим колдоп келе жаткан «Коопсуз шаар» — өтө кооптуу долбоор. Бул безопасностный эмес, опасный проект. Бул жерде документтерди карай турган болсок, мафиялык мандем, коррупциялык тандем бар. Ал үчүн эксперт жалдаштын деле кереги жок. Булар «Коопсуз шаарды» ушунчалык мыйзам бузуу менен алып келе жатат. Соттун чечими күчүнө кире электе булар келишимди күчүнө киргизип койду. Бюджет Жогору Кеңешке келе элек, булар 2019-жылдын бюджетине 260 миллион сомду киргизип койду. Анысы аз келгенсип, атыла элек аюунун терисин бөлүштүргөнсүп айып пулдардын 30 пайызын мэрия, ИИМ 20, УКМК 5 пайызын алат деп алышыптыр. Бул кандай? Муну кандай түшүнөбүз?» — деп сурады Момбеков.
https://www.facebook.com/nextvchannel/videos/2376978742529293/?q=%20%D0%BC%D0%BE%D0%BC%D0%B1%D0%B5%D0%BA%D0%BE%D0%B2%20%D0%BA%D0%BE%D0%BE%D0%BF%D1%81%D1%83%D0%B7%20%D1%88%D0%B0%D0%B0%D1%80&epa=SEARCH_BOX