• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 4 адам көз жумду. «Коопсуз шаар» камералары Ош жана Токмокто орнотулууда

2 Аяк оона 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада вирустан төрт киши каза тапты.

Жалпысынан COVID-19дан каза болгондордун расмий саны 2 536 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 142 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 018 адам. Азыр ооруканада 954 бейтап дарыланууда. Дагы 910 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 102 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 169 кишиге жетти.

ОШ МЕНЕН ТОКМОКТО “КООПСУЗ ШААРДЫН” КАМЕРАЛАРЫ ОРНОТУЛУУДА

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1-сентябрдагы маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 16 кесилишке Ош шаарында 11, Токмок шаарында 6, ал эми Кант шаарында бир кесилишке камера түркүктөрү орнотулду.
Маалыматка ылайык, «Г» формасындагы ар бир түркүккө үчтөн камера бекитилген. Алардын бири жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Жол сызыктарынын, жөө адамдар өтүүчү жана веложолдорду тебелеген, каршы тилкеге чыгып туура эмес жерден кайрылган, ылдамдыкты көбөйтүп, жол чырактын талабына көңүл бурбагандарды каттайт.

Экинчиси, унаалардын агымына байкоо салат. Ылдамдыкты өлчөп, машинелердин мамлекеттик номурларын сүрөткө тартып, эреже бузгандарын «Коопсуз шаар» долбоорунун базасына киргизет.
Үчүнчүсү, жалпы көрүнүштү тартып берет. Токтотууга тыюу салынган жерге коюлган машинелерди аныктап, «Коопсуз шаар» долбоорунун базасына жиберет. Көзөмөл камералары күнү-түнү иштейт.

ИСФАНАДА КЫЛМЫШТЫН БЕТИ АЧЫЛДЫ

Исфана шаарынын 28 жаштагы жаран өз үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз адамдар тарабынан денесине бир нече жолу курч миздүү нерсе сайылып каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектелип Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы жана 21 жаштагы эки тургуну Исфана шаарынан аныкталып кармалды.

Маалыматка караганда, шектүү 21 жаштагы жарандын жашаган турак үйүнөн мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 21 даана октору менен, бир даана атайын кесилип даярдалган 20 калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы, баштыкка оролгон наркотикалык зат, атайын бет кап жана атайын каражаттар жашырып койгон жеринен табылып алынды.

Количество просмотров: 89