• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Момбеков, Масалиев, сыртка чыккыла». Ак Үйдүн астында нааразычылык акциясы өтүүдө

6 Бирдин айы 202012:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарында, Ак-Үйдүн астында митинг өтүүдө. Ага жер тилкелерибизди мыйзамдаштыра албай жүрөбүз деген 50гө жакын адам чыккан.

Акцияга чыккандар мындан 5-6 жыл мурун Сокулуктун Военно-Антоновка айылынан жер тилкесин алышып, ошол жерлерге бүгүнкү күнгө чейин үй сала албай жатышканын айтышат. Себеби аны мыйзамдаштыруу иштери ишке ашпай келет.

Алар депутаттар Рыскелди Момбеков жана Исхак Масалиевди сыртка чыгып эл менен жолугуушусун талап кылып жатышат.

Количество просмотров: 5052