• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Момбеков: Мен таң калып жатам, кайсы Жапаровдун оюуну болуп жатат?

10 Жалган куран 2021 12:09 Бишкек Govori.TV

Жалпы жыйнда сөз сүйлөгөн депутат Рыскелди Момбеков Конституцияны кароонун процесси «зордуктоо» жолу менен кетип жатканын айтып чыкты. Ал кийин бирөө сотко берсе азыркы кабыл алынган мыйзамдардын баары жокко чыгарын эскертти.

«Эми мейли турмөдөгү адамга добуш бердирдик, бирок мүрзөдөгү адамга добуш бердиртип уят болуп жатпайбызбы. Ушунча да зордук менен кабыл алабызбы. Шылдың болуп жататабыз. Мына кечээ Феликс Шаршенбаевичтин постун окуп калдым Жапаровго кирип чыктым деп. Ал жазып жатат Жапаровдун Баш мыйзам боюнча оюу башкача экен дейт. Мен такыр эле таң калып жатам, кайсы Жапаровдун оюуну болуп жатат? Берген добуш үчун акыретте, тарых алдында жооп беребиз. Кийин эки депутат чыгып эле чечимдерди жокко чыгарып, утуп алат», — дейт ал.

Ал эми депутат Бекешев «азыр мыйзам менен эмес, түшүнүк менен жашап калдык, ошентсе да тармактык комитет жок дегенде бир күн мурун чогулуп койсо болмок» деген пикирин айтты.

Андан соң Өмүрбек Бакиров, Умбеталы Кыдыралиев жана Бакыт Төрөбаевдер кесиптештерине каршы пикирин билдиришти.
Төрөбаев 2016-жылы дагы Баш мыйзам өзгөртүлүп жатканда азыркы кыйкырагандар ун катпай отурганын айтты.

Ал эми Бакиров 2020-жылы октябрь окуяларында бийликке жетпей калгандар ызаланып ушундай кадамга барып жатат деген оюн билдирди.

Өткөн жумада парламент биринчи окуудан колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү макул, тогузу каршы добуш берген.
Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

Количество просмотров: 8911