• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Момбеков: Убакыт келет баарыңар элден кечирим сурайсыңар

15 Чын куран 2020 15:51 Бишкек Govori.TV

Убакыт келет баарыңар эл алдында кечирим сурайсыңар. Бут тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

«Урматтуу жана кээ бир менин урматсыз кесиптештерим, ушундай улуу күнү уят ишке барбасаңар болот эле. Ушул өкмөткө бооруңар ачып, жан тартып жатасыңар, карапайым калкка деле жаныңар ачып койбойбу. Өкмөттүн шалаакылыгынан коронавируска каршы күрөшө турган 98 дарыгер өмүрү менен күрөшүп калды. Дарыгерлер ыйлап жатат. Ыйлаган дарыгерлерди кечирим суратып жатасыңар, убакыт келет баарыңар элдин алдында кечирим сурайсыңар. Чындык ушул. Өзүңөр «киргизка» деген кыздарга сөктүртүп жатасыңар», — деди депутат.

Ал эми өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жооп берүүдөн качпай тургандыктарын билдирди.

«Биз жооп берүүдөн качпайбыз. Биз чогулуп отуруп бирөөнү күнөөлөбөй, коронавирусту чогу жеңгенге аракет кылалы», — деди Боронов.

Количество просмотров: 4010