• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Момбеков: Жамангуловго карата болгон коркутууларга көңүл бурбай койгонубуз уят

22 Бугу 2019 11:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Мегакомдун жетекчиси Акылбек Жамангуловдун маселесин көтөрүп, аны кимдер жана эмнеге коркутуп жатканын сураш керек деген пикирин айтты.

«Эми Жамангуловго болуп жаткан башкалар тарабынан, бажалар тарабынан кысымды баарыбыз эле көрбөдүкпү. «о детях думай, о детях»,-деп жатпайбы. Эми ошого жол берип коюшубуз керекпи. Ал биздин кечээки кесиптешибиз, бүгүн мамлекеттик ишкананын жетекчиси. Мындай абалда биз башыбызды катып олтурганыбыз уят го дейм»,-деген пикирин айтты.

Эске салсак, 17-майда парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында Мегакомдун жетекчиси Акылбек Жамангулов баяндама жасап жатып, «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын мурунку жетекчиси, премьер-министр Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан ага карата коркутуулар болгонун айтып чыккан.

Количество просмотров: 9