Мончодо өспүрүм баланы зордуктаган деген маалымат соцтармактын кызуу талкуусун жаратты.
Ал эми тараган видео боюнча ИИМ маалымат берип, окуя Кыргызстанда болбогонун билдиришкен.
“Маалымат тактала электе эле социалдык түйүндөрдө чагымчылдыкка алдырган жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай, так маалыматтарды күтөлү. Ошол себептүү бул маалыматты тактап койолу дедик. Аталган видеодогу окуя Кыргызстандын аймагында болгон эмес, окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды.
Ал эми социалдык тармакта кызуу талкууга алынган бул окуя ар кыл пикирлерди жаратты.

