• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мончодо зордукталган жаш баланын окуясы Алтай Республикасында болгон

26 Үчтүн айы 2021 15:50 Бишкек Govori.TV

ИИМ тарабынан Орусиянын ички иштер өкүлчүлүгүнө сенсациялуу видео боюнча чоо-жайын тактоо боюнча расмий кат жөнөткөн. Бүгүн, 26-январда аталган катка жооп келгенин ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашы жете элек өспүрүмгө карата күч колдонуп жыныстык катнашка барган окуя Алтай Республикасынын Кош-Агач районунда болгон.

«2020-жылдын 29-июль күнү Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери Интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “WhatsApp” мессенджеринде белгисиз балага карата күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жаш жигиттин видеосун табышкан. Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жылдын август айында Алтай Республикасынын Кош-Агач районунун Кош-Агач айылында (2019-жылдын 1-10-августтарынын ичинде) жашы жете элек “Р”, башка жашы жете элек өспүрүм “Кга” карата күч колдонуп жыныстык катнашка баргандыгы аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча Алтай Республикасы боюнча Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынын Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү 2020-жылдын 29-июль күнү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (Жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашы жете элек “Р” ички иштер органына жеткирилип, Россия Федерациясынын Жаза-проссецуалдык кодексинин 91-беренесине ылайык кармалган.

Количество просмотров: 6243