• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто 7 жаштагы кызды зордуктаган шектүү кармалды

10 Чын куран 2021 16:04 Бишкек Govori.TV

Ошто жети жаштагы кызды зордуктоого шектелип, Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү кечки саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кайрагач айылында 7 жаштагы Н.А белгисиз жаран тарабынан зордукталган. Секелек Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген.

Кылмыш ушул эле күнү Ош ОИИБнин Маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

«Кылмышка шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган. Кылмышка тийиштүү буюмдар далил катары алынган. Шектүү азыр убактылуу кармоочу жайга камалды», -деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматта ата-энеси Орусияда миграцияда жүргөндүктөн кыз таенесинин колунда калган.

Количество просмотров: 299