• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Юстиция министрлиги Викрам Рузахуновду кыйноо фактысы боюнча иш козгоону суранды

10 Үчтүн айы 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

КР Юстиция министрлиги Башкы прокуратурасына Викрам Рузахуновго карата кыйноолорду колдонуу фактысы боюнча (КР Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренеси – «Кыйноо») кылмыш ишин козгоо боюнча өтүнүч келтирип, ошондой эле 2002-жылдагы Кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү боюнча Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Казакстанга эл аралык комиссия-суроо-талап жиберди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

«Башкы прокуратурага кайрылууга Кыргызстандын жараны Викрам Рузахуновдун кыйноонун издери даана көрүнүп турган видеотасмасын таратуу фактылары, ошондой эле массалык баш аламандыкка катыштыгы бар деп өзүн-өзү күнөөлөгөн фактылар негиз болгон.

Эгерде Викрам Рузахуновго Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин юристтери жана консулдук кызматкерлери менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилбесе, бул иш күнөөсүн далилсиз мойнуна алуу үчүн чет өлкөлүктөргө карата кыйноонун масштабдуу көрсөткүчү болуп калышы мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин казакстандык жергиликтүү телеканалдардын биринин эфиринде кармалгандардын бири Кыргызстандан учуп келгенин айткан сюжет көрсөтүлгөн. Маалыматта 1-январда айрым адамдар кыргызстандык жаранга телефон чалып, митингге 200 долларга катышууну сунушташканы айтылат. Кадрлардан эркектин бетинде ур-токмокко алуу ыктымалынын издери бар экенин көрүүгө болот. Видеодон кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени аныкталган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Количество просмотров: 321