• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Монголия «Наадам» улуттук майрамы майрмадоодо

11 Теке 2019 12:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.07.2019 Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганы жана Монголия элин «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады.

«Сизди жана Монголиянын боордош элин „Наадам“ улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Ушул жылы Кыргызстанга жасаган расмий сапарыңыздын алкагындагы Сиз менен жолугушуумду жылуу сезим менен эстейм. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жана эки тараптуу күн тартиби боюнча иштиктүү пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү жактайбыз деп баса белгилейм», — деп жазылган Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Халтмаагийн Баттулгага бекем ден соолук, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Монголиянын элине өсүп-өнүгүүнү жана бакубаттыкты каалады.

Количество просмотров: 22