• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Монголиянын премьер-министри Кыргызстанга келди

24 Тогуздун айы 20239:02 Бишкек Govori.TV

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.

Монголия Өкмөтүнүн башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тосуп алды.

Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Количество просмотров: 62