• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Монополияга каршы агенттик : Өсүмдүк майынын баасы 64% кымбаттады

5 Жалган куран 2021 11:21 Бишкек Govori.TV

Картошканын баасы 70, өсүмдүк майынын баасы 64 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу бүгүн, 5-марттагы жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Сабиров билдиргендей, кумшекер 57 пайызга, эт 20 пайыздан 40 пайызга, жумуртка 34 пайызга кымбаттаган.

“Баалардын өсүшү бир жылдан бери акырындап кошулууда. Өкмөттүн №242 токтомунда социалдык маанидеги товарлардын баасына байкоо жүргүзүүнү өткөрүү эрежелери бекитилген. Анда  бир ай аралыгында товарлардын баалары 20 пайыздан жогору кымбаттаганда жөнгө салуу киргизилет деп көрсөтүлгөн. Бул баалар бир ай ичинде эле кымбаттап кеткен жок”, – деди ал.

Буга чейин 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү өлкөдөгү азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын кескин кымбаттап кеткенине тынчсызданышып, Өкмөттү тез арада чара көрүүгө чакырышкан болчу.

Количество просмотров: 95