• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Москва блогер Илья Варламовду «чет элдик агент» деп жарыялады

24 Жалган куран 2023 15:25 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Юстиция министрлиги блогер Илья Варламов менен «Агора» эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Павел Чиковду «чет элдик агенттер» деп жарыялады.

Мындан тышкары бул тизмеге кумсалардын мамилеси жөнүндө жазган «Парни Плюс/Парни+» сайты, «Воля» партиясынын башчысы Светлана Лада-Русь (Пеунова) жана «Дождь» телеканалынын мурдагы журналисти Богдан Бакалейко да киргизилди.

Орусиянын Юстиция министрлиги Варламов менен Чиков «бийликтин саясаты жана кабыл алган чечимдери жөнүндө туура эмес маалымат» тараткан деп эсептейт. Мекеменин пикиринде, Варламов чет элдик булактардан колдоо алып турган. Чиков чет элдик агенттердин материалдарын таратууга айыпталууда.

Орусияда «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет элден колдоо алган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген жеке уюмдарды «чет элдик агент» деп тааныйт.

Мыйзамда мындай иш-аракеттерди аныктай турган критерийлер так көрсөтүлгөн эмес. Натыйжада бийлик агартуу, маданият, саламаттык сактоо, экология, адам укуктарын коргоо тармагында иштегендерди да куугунтуктай алат. Кийинчерээк жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жеке жактарды да «чет элдик агенттерге» теңөөгө мүмкүндүк түзүлгөн.

Количество просмотров: 297