• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Москва: Эки кыргыз жараны киши колдуу болду

9 Үчтүн айы 2018 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.01.2018.Govori.TV

Москвада табылган эки кишинин сөөгү кыргызстандыктарга таандык болуп чыкканын Орусиядагы мекендештердин “Боордоштор” кайрымдуулук тобунун негиздөөчүсү Жылдыз Осмонова ырастады.

Алардын берген маалыматына  караганда, маркум эки жигитти 28-декабрдан бери туугандары издеп жаткан. Бири Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну Муратбек Маматалиев экени белгилүү болду. Экинчиси аны менен Москвада чогуу жашаган Искендер аттуу жаран болуп чыкты.

28-декабрда Искендер Муратбек Маматалиевди кайсы бир балдар менен жолугушууга шерик болуп барууну өтүнгөн. Алар Люблино метросундагы «Алмаз» деген кафесине барып,түнкү саат 3кө чейин отурган. Андан кийин белгисиз балдар келип, экөөн тең күч менен машинеге салып кеткен. Бул балдардын да кыргызстандыктар болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Учурда  “Боордоштор” кайрымдуулук тобу маркумдардын бири Муратбек Маматалиевдин сөөгүн мекенине жөнөтүүгө жана анын операция боло турган жети жаштагы уулуна жардам чогултуп жатат.

 

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 5