• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Москва районундагы мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

25 Жалган куран 2021 14:26 Бишкек Govori.TV

2014-жылдын аягында Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан Москва районунун Бала-Айылчы айылынын Жапаров атындагы 150 орундуу мектепти куруу боюнча республикалык бюджеттин 48 382 812 сомдук каржылоосунда тендер жарыяланган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында жазылат.

Тендердин жыйынтыгы менен 40 540 743 сомду сунуштаган «К.С.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жогоруда көрсөтүлгөн мектепти куруу боюнча келишим түзүлгөн.

2019-жылдын 27-декабрында аталган объектини Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери, ошондой эле мамлекеттик архитектуралык курулуш көзөмөлүн жүргүзгөн инспектору мүчө болгон курамдагы комиссия тарабынан курулуш иши аяктаган имаратты кабыл алуу актысы түзүлүп, Сокулук, Москва райондору боюнча Экотехинспекциянын жетекчилиги тарабынан бекитилген.

Бирок прокурордук текшерүүдө аныкталгандай, «К.С.» ЖЧКсы имараттын полуна эски же мурда иштетилген тактайларды колдонгон. Сметалык документтер боюнча бул эски тактайларга 966 630 сом сарпталган.

Мындан тышкары, бир катар мыйзам бузуулар жана курулуш иштерин жүргүзүүдө подрядчик тарабынан стандартка туура келбеген курулуштарга жол берилгендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо масатында топтолгон материал Москва районунун прокуратурасынын КЖБРне ЖКнын 320-бер. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын тергөө кызматына тапшырылды. Азыркы учурда тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 53