• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Москва шаардык соту Навальныйды абакка жөнөтүү боюнча чечимди күчүндө калтырды

22 Бирдин айы 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Москва шаардык соту калаанын Симоновский райондук сотунун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 2014-жылдагы кылмыш иши боюнча берилген шарттуу жазасын өзгөртүп, чыныгы абактык жазага кесүү тууралуу өкүмүн күчүндө калтырды.

Ошол эле учурда, Москва шаардык соту жазаны өтөө мөөнөтүндө Навальныйдын 2014-жылдын 30-декабрынан 2015-жылдын 17-февралына чейин үй камагында отурган убактысын, ошондой эле Москва шаарындагы “Матросская тишина” аттуу убактылуу тергөө абагында бир ай отурганын эсепке кошкон.

Натыйжада оппозициячыл саясатчы эми колонияда башта белгиленгендей 2 жыл 8 ай эмес, болжол менен 2 жыл 5 ай кармалууга тийиш.

Алексей Навальный 2014-жылы алдамчылыкка айыпталып, шарттуу түрдө 3,5 жылга беш жылдык сыноо мөөнөтү менен абакка кесилген, (андан кийин мөөнөтү дагы бир жылга узартылган). 2021-жылдын февраль айында сот бул жазаны Федералдык Жаза аткаруу кызматынын сунушу боюнча чыныгы абактык жазага алмаштырды. Федералдык мекеме саясатчыны жазалоо шарттарын бузуп, жашырынып жүргөн деп эсептээрин шардана кылган.

Навальныйдын жактоочулары оппозициячыл саясатчы эч кандай жашырынган эмес, тек гана былтыркы августтагы ууландырылышынан кийин Германияда саламаттыгын чыңдап жаткан деп ырастоодо.

Сот отурумундагы акыркы сөзүндө саясатчы Орусияга кайтып келгенине эч өкүнбөгөнүн, күч — чындыкта экендигин, ал эми Орусия “эркин гана эмес, бактылуу боло тургандыгын” айтты. Ал Европа сотунун талабын да эскерип өттү жана акыйкат чечим чыгарып, өзүн дароо сот залынан бошотууну суранды.

Навальный соттолгон «Ив Роше» кылмыш ишинин өзүн ал жана анын тарапкерлери саясий куугунтук деп эсептешет. 2017-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту 2014-жылдагы сот ишинин каралышы Навальныйдын адилеттүү сот ишине камсыз болуу укугун одоно бузду деп чечим чыгарган.

Количество просмотров: 77