Москва шаарындагы имараттын 16-кабатынан кулаган кыз аман калганын «Известия» басылмасы булактарына шилтеме берүү менен жарыялаган.
Ал арада буга байланыштуу видео да тараган.
Ал эми «Газета.ру» жарыялаган маалымат боюнча, оор жаракат алган кыз ооруканага жеткирилди. Азырынча окуянын чоо-жайы жана кыздын аты-жөнү айтыла элек.