• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Москвада 22 жаштагы кыргызстандык бала поезддин астына боюн таштаган

7 Бештин айы 202116:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2021-жылдын 7-декабрында Москва шаарындагы метро станцияларынын биринде өзүн поезддин астына таштаган Кыргыстандын жараны менен болгон окуянын себептерин жана жагдайларын тактап жатат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда 1999-жылы туулган Кыргыз Республикасынын Н. уулу С. аттуу жаранына Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалууда.

Элчиликтин кызматкери ооруканага жөнөтүлдү. КР жаранына керектүү жардам көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 3564