• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Москвада автокырсыктан 4 жоокер каза таап, 40тан ашыгы жаракат алды

12 Үчтүн айы 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Москванын четиндеги Новорижск шоссесиндеги автокырсыктан төрт жоокер каза таап, 40тан ашыгы жаракат алды. Маалыматка ылайык, 11-январда жүк ташыган автоунаа жоокерлерди ташып бараткан автобустар менен кагылышкан.

Жүк ташуучу машиненин айдоочусу транспортту башкара албай калып, күү менен жол четинде токтоп турган автобустарды сүзгөн.

ТАСС агенттиги Москва облусунун бийлигине таянуу менен ооруканадагы 45 аскердин 16сынын абалы оор экенин жазды.

Учурда кырсыкка себеп болгон машиненин айдоочусу кармалып, тергөө иштери башталганы кабарланды.

Количество просмотров: 434