• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Москвада базарда иштеген мигранттар полициянын кысымына кабылышууда

19 Баш оона 2019 9:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек .19.08.2019.Govori.TV.

Орусия борборунун Москворецк базарында иштеген тажик жана өзбек мигранттары он күндөн бери полициянын кысымына кабылышууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы билдирүүдө.

Москва полициясы базардагы рейд тууралуу маалымат тараткан жок, бирок ички иштер органдарындагы кээ бир кызматкерлердин айтымында, базарда мигранттарды мыйзамсыз кармоо жүрүп жатат.

Москворецк базары 1965-жылы курулган. Бул жерде курулуш материалдары гана эмес, азык-түлүк да сатылат. Тажикстан менен Өзбекстандын жүздөгөн мигранттары сатуучу, жүк ташуучу жана тазалоочу болуп иштешет.

Негизинен тажик жана өзбек жарандары кармалууда. Мигранттар полиция күч колдонгонун, полиция автобустарына тыгып, базарда көпчүлүктүн көзүнчө уруп жатканын билдиришүүдө.

Маалыматтарга караганда, мигранттарды кармоо кезинде бир нече адам катуу жараланган. Кармалган мигранттардын көбүнүн тагдыры белгисиз. Бир нече жаран Сахароводогу миграция борборуна жиберилсе, дагы бир катары депортацияланган.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда бир миллиондон ашуу тажикстандык мигрант иштеп жүрөт.

Количество просмотров: 109